Медецинский Центр КГМА

Опрос

Откуда Вы узнали о Медцентре?

Через поисковики Яндекс, Google - 38.4%
По совету знакомых - 16.9%
Был вашим пациентом - 16.9%
Прочитал на сайте - 10%
Из программы ТВ-доктор - 3%
Страница на FB - 5.6%
Журнал "ЗОЖ" - 1.8%
Журнал "Жить здорово!" - 1.9%
Журнал "ТВ-неделя" - 1%
Портал Акипресс - 3.4%

Всего голосов:: 2051
Голосование по этому опросу закончилось в: марта 1, 2017

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борбору (КММА МБ) Кыргыз Республикасынын алдыңкы медициналык жогорку окуу жайынын окуу, илимий жана клиникалык базасы болуп саналат.

КММА МБ ишмердигинин негизги багыттары:

  • инновациялык медициналык, маалымат технологиялык медициналык, маалымат технологияларын практикага киргизүү;
  • каржылоонун бюджеттен тышкары булактарынын спектрин кеңейтүү;
  • дипломго чейинки жана кийинки билим берүү алкагында алдын алуу жана дарылоо ыкмаларына арналган билим берүү программаларын (семинарларды, конференцияларды, мастер-класстарды) өткөрүү.

КММА МБ эң жаңы техникалык жабдуусу бар. Ал эндоскопиялык, пластикалык жана хирургиялык кийгилишүүлордүн дээрлик бардык спектрин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Медициналык борбордо И.К. Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык дисциплиналар кафедраларынын профессорлору, доценттери жана мугалимдери консультация жана дарылоону жүргүзүшөт.

КММА Медициналык борбору – бул кең тармактуу тейлөө борбору:

  • Терапевт;
  • Невропатолог;
  • Гинеколог-эндокринолог (криодеструкция, инсеминация, ДЭК, видеокольпосокпия, радиволна методу менен эрозияны дарылоо);
  • Дерматокосметолог (4S косметологиялык комбайны: лазер-, радио- жана фототерапия);
  • Дерматовенеролог;
  • Уролог-андролог;
  • Сексопатолог;
  • Психолог, психотерапевт;
  • Офтальмолог;
  • Стоматолог (дарылоонун жана имплантологиянын бардык түрлөрү);
  • Респиратордук медицина жана сомнология (коңурукту дарылоо, небулайзер аркылуу ингаляция);
  • Сурдолог (кулак угуунун начарлашы);
  • Вертебролог (омуртка оорулары);
  • Мануалдык терапия;
  • Гирудотерапевт (сүлүктөр менен дарылоо);
  • Апитоксинотерапевт (аары чактыруу менен дарылоо);
  • Чыгыш медицинасы (ийне менен дарылоо, Суджок терапия, күйгүзүүлөр ж.б.);
  • Гемокоррекция (кандын УФОсу, плазмаферез, экстракорпоралдык фармакотерапия);
  • Физиодарылоо (СКЭНАР, ДЭНАС, УВЧ, электрофорез ж.б.);
  • Компьютердик тракциялык терапия (омуртканы чоюу);
  • Массаждын бардык түрлөрү;
  • Менталдык ден-соолук бөлүмү (наркология);
  • Телемедицина (телеконсультацияларды өткөрүү).

Уникалдуу операциялар:

  • Пластикалык жана эстетикалык операциялардын бардык түрлөрү;
  • Жалпы жана хирургиялык операциялардын бардык түрлөрү;
  • Видеолапароскопиялык хирургия жана гинекология;
  • Гистерорезектоскопия;
  • ЛОР-эндоскопиялык жана лазердик операциялар;
  • Кулак микрохирургиясы (угууну жакшыртуучу операция);
  • Микродискэктомия (омуртка грыжаларын дарылоо);
  • Артроскопия (муундарды дарылоо);
  • Офтальмологиялык операциялар.

Диагностикалык комплекс:

  • УЗИ (АЛОКА SSD 4000);
  • Сүт бездеринин жана башка органдарынын радиотермометриясы (РТМ);
  • Видеогастроскопия (1 жаштагы балдардан баштап);
  • Лаборатория;
  • Организмди компьютердик биорезонанстык тестирлөө;
  • Аудиометрия (кулак угуусун диагностикалоо);
  • ЛОР-комбайн (ЛОР-органдарынын эндоскопиялык диагностикалоо);
  • Портативдүү ЛОР-эндоскоп (ЛОР-органдарынын патологиясын стационардык жана көчмө шартында эндоскопиялык диагностикалоо);
  • Тишти тактап жана панорамдык рентгенге түшүрүү.